Үстүбүздѳгү жылдын 12-сентябрында Эгемендик күнүнѳ карата, илимге сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Кесиптик колледжибиздин окутуучусу п.и.к., доцент Токтобүбү Орусбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.
Токтобүбү Орусбаеваны мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайбыз жана мындан ары да иштерине ийгиликтерди каалайбыз.