2024-12-12

КТМУнун Кесиптик колледжи Карылар үйүнө барышты


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык жоопкерчилик иш-чарасынын алкагында бөлүнгөн бюджеттин эсебинен карылар үйүнө маңыздуу зыярат жасалды.

Бул иш сапарды КТМУнун Кесиптик колледжинин  окутуучулары доценттин м.а. Гулнара Карадениз жана  Гүлзада Абдралиева иш жүзүнө ашырышты. Зыярат учурунда алынган материалдарды муктаждарга жеткирүү менен колдоо көрсөтүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган социалдык жоопкерчилик долбоорлоруна өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз.