2024-жылдын 9-декабрында Кесиптик колледжибиздин окутуучусу доценттин м.а. Гүлнара КАРАДЕНИЗ «Бизнеске киришүү» дарсынын алкагында бухгалтердик эсеп, офис менеджменти жана маркетинг прорграммаларынын 1-курсунун студенттерин “Маткасымов” өндүрүш ишканасына техникалык сапарга алып барды.
Сапардын жүрүшүндө студенттер компаниянын өндүрүш борборуна баруу жана өндүрүш процесстерин жеринде көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар ошондой эле өндүрүштөн баштап, каржы жана маркетингге чейин компаниянын иштөөсү боюнча ар тараптуу билимге ээ болушту.
Мындай иш-чаралар студенттерибиздин теориялык билимдерин практикага айландыруу менен бирге алардын кесиптик тажрыйбага ээ болушуна да өбөлгө түзөт.