2024-12-13

Жетим балдар үйүнө зыярат


2024-жылдын 9-декабрында КТМУнун социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында биздин Кесиптик колледждин курулуш программасынын окутуучусу т.и.к., Гүлмира Ажыгулова студенттери менен чогуу жетим балдар үйүнө барышты.

Бул иш-чаранын максаты муктаж болгон балдарыбызга жалгыз эмес экендиктерин сездирүүгө, социалдык жашоосун сактап калууда өзүнө болгон ишенимин сактоого багытталган. Жетим балдарыбыздын муктаждыктары аныкталып, аларга белектер берилди. Курулуш программасынын студенттери жетим балдар менен кызыктуу убакыт өткөрүштү.