2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик колледжинде “Курулуш, архитектура тармактарындагы атоолордун, сөз айкаштарынын кыргызча-орусча/орусча-кыргызча сөздүгү” аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага КТМУ Кесиптик колледждин мүдүрү доценттин м.а. Махмут Вурал, мүдүрдүн орун басары Гулмира Ажыгулова, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Автор доцент Каданбай Бактыгулов сөздүктүн өзгөчөлүгү-унутулуп бара жаткан кыргызча терминдер камтылгандыгы, бул терминдердин колдонулушу ЖОЖдун студенттери үчүн гана эмес, жөнөкөй жарандар жана курулуш тармагында иштеген адистер үчүн да кызыктуу, пайдалуу болорун билдирип, мазмуну менен тааныштырды.
Иш-чаранын соңу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.