КТМУнун социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында биздин 2024-жылдын 6-декабрь күнү КТМУ Кесиптик колледжине «Акниет» оор турмуштагы балдар борборунан университетибиздин унаасы менен 13 бала жана 2 мугалим алынып келинди. Аларга кесиптик лицейдин бөлүмдөрү жана цехтери көрсөтүлүп, кесиптик лицейдин компьютердик классында компьютерлер менен тааныштырылды.
Алар Компьютердик программалоо жана Эмеректерди жасалгалоо программасынын студенттеринин жардамы менен компьютерди колдонууну үйрөнүштү. Ошондой эле компьютерде сүрөт тартуу менен өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүштү. Кийинчерээк Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери тарабынан даярдалган оюндарды ойноп, көңүл ачышты.
Түштө университетибиздин ашканасындан тамактанышты. Тамактан кийин университетибиз тарабынан каржыланып даярдалган белектерди мүдүр Махмут Вурал жана окутуучу Селим Элмалы балдарга таркатып беришти. Балдар кесиптик колледжге келип, техника жана компьютер менен таанышып, оюндарды ойногонуна абдан кубанышты. Келечекте кесиптик окуу жайга тапшырууну каалашарын айтышты.
Кийинчерээк биздин университеттин унаасы менен балдар «Акниет» борборуна кайтып кетишти.