Биздин колледждин мүдүрү Махмут Вурал жана ага окутуучу Мустафа Өжал 2024-жылдын 16-декабрында Корея өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2019-жылы түзүлгөн FabLab устаканасында болушту.
Иш сапардын жүрүшүндө FabLab фондунун президенти цехтеги иштер тууралуу маалымат берди. Алар 3D принтер, лазердик кескич, CNC роутер, винил кескич, Arduino жана электрондук тетиктер менен эмне кылса болорун көрсөтүштү. Сапардын жүрүшүндө окуу секторунун кызматташуусу боюнча ар кандай маселелер талкууланды.