2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз-Турк Манас Университетине караштуу Кесиптик колледжинин Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасынын ага окутуучусу т.и. к. Гулмира Ажыгулова «Инженердик тармактар жана курулуш аянттардын жабдыктары», “Долбоордук жана сметалык иштер” сабактарынын алкагында Курулуш программасынын 2-курсунун студенттери менен “AСTION” курулуш компаниясына экскурсияга курулуш жумуштары менен таанышууга барып келишти. Экскурсиянын жүрүшүндө Курчатов 89 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай имаратынын унаа туругунун аңын казуу (жер жумуштары), анын таманынын долбоор боюнча пайдубалдарды отургузуу деңгээлдерин аныктоо, аңдын көлөмүн эсептеп чыгаруу, жер жумуштарына сметаларды эсептеп чыгаруу боюнча маалыматтарды алышты.
Экскурсия сабагынын жүрүшүндө студенттер курулуш ишканасынын башка жумуштары боюнча дагы жумуш убагында жеринде байкоо жүргүзүү менен алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө шарт түзүлүп, ишкана өкүлдөрү менен маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк болду.