2024-жылдын 10-декабрында Кесиптик колледжибиздин Маркетинг программасынын студенттери, Dr. Убейдулла Шенер тарабынан уюштурулган иш-чара менен Эбру искусствосунун сыйкырдуу дүйнөсүнө кадам ташташты.
Бул Эбру өнөрканасына болгон сапарда студенттер салттуу түрк өнөрлөрүнүн бири болгон эбру менен таанышып, өз алдынча эбру жасоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чара студенттердин көркөм өнөрүн чыңдоого жана маданий мурастар тууралуу маалыматын жогорулатууга мүмкүндүк берди.
Dr. Убейдулла Шенер иш-чаранын максатынын студенттердин искусство менен жолугуп, чыгармачылыгын өнүктүрүү жана маданий баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу экенин билдирди. Студенттер бул иш-чара абдан жактыргандыгын айтышып, мындай иш-чаралар мындан ары да улана беришин каалашты.
Иш-чаранын соңунда окуучулардын колунан жаралган эбру буюмдары көргөзмөгө коюлуп, семинардын катышуучулары тарабынан жогору бааланды.