2025-01-23

КТМУ Кесиптик колледждин студенттеринин ийгиликтери


2024-жылдын 16-декабрында Корея өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн «Старт-ап дизайн жана долбоорлоо» конкурсуна катышкан Эмерек жана жасалгалоо программасынын студенттери 2-орунга ээ болуп, өз долбоору менен 600 доллар утуп алышты. Долбоорлоо боюнча ийгиликти багындырган студенттерибиз “Манас” университетибиздин таанытышты. 

Окуу жайыбыздын жалпы жамаатынын атынан студенттерди жана жетекчиси Нурсултан Каныбековду чын жүрөктөн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Студенттерге колдоо көрсөткөн колледжибиздин мүдүрү  Махмут Вуралга жана ага окутуучу Мустафа Өжалга ыраазычылык билдиребиз.