2025-03-24

Студенттерибиздин ийгиликтери!!!


2025-жылдын 27-февралында кесиптик колледжибиздин студенттери И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин 80 жылдыгына арналган "Экономика, бизнес, менеджмент: Улуттук рух дүйнөлүк бийиктиктер, жаштар жана улуттук көз караштар" аттуу студенттердин илимий практикалык конференциясына катышышты.
Аталган конференцияга т.и.к., доцент Замиргул Казакбаева, доценттин м.а. PhD Махмут Вурал жана ага окутуучу Насикат Алиеванын жетекчилиги менен катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болушкан студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!!!