2025-06-21

КТМУ Окутуучулары жана Бүтүрүүчүлөрү “Айданек” Балдар Үйүнө кубаныч тартуулашты


Кыргыз-Түрк ‘Манас’ Университетинин Социалдык Жоопкерчилик Программасынын алкагында, 2025-жылдын 20-июнунда Кесиптик колледждин окутуучулары Гүлзаада Абдралиева, Насикат Алиева жана 2024-жылдагы бүтүрүүчүлөр “Айданек” балдар үйүнө зыярат жасашты.

Зыярат учурунда мугалимдер балдар менен жеке баарлашып, аларга моралдык колдоо көрсөтүшүп, ар түрдүү белектерди тартуулашты. Бул күн балдар үчүн кубанычтуу жана кызыктуу өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар менен оюндар ойнолуп, келечекке ишеним жана үмүт берүүчү жылуу сөздөр айтылды.