2021-12-07

"Ийгиликке жана максаттарга кантип жетсе болот" деген семинарга катыштык


2021-жылдын 7-декабрында Кесипик Жогорку Мектептин Мектепке чейинки билим берүү программасынын 1-курстарынын студенттери куратор Гулзаада Абдралиева менен биргеликте университетибиздин “Инсандык өнүгүу жана психологиялык кеңешүү” борборунда тренингге катышышты. Тренингдин жүрүшүндө психолог Алтынай Карачалова студенттерибизге мотивация берип, убакытты туура бөлүштүрүп, өзүн-өзу өнүктүрүугө көбүрөөк маани берүү менен коюлган максаттарга жетип, ийгиликтерди жаратууга боло тургандыгын түшүндүрүп берди.