2021-12-08

“Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнун уюштуруп өткөрүштү


Кесиптик Жогорку Мектептин Мектепке чейинки билим берүү программасынын 2-курстарынын студенттери ага окутуучу Гулзаада Абдралиеванын жетекчилиги менен 2021-жылдын 8-декабрында “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнун уюштуруп өткөрүштү. Оюнга жалпысынан 6 команда ат салышып, жыйынтыгында 2 команда жеңүүчү аталды. Жеңүүчүлөргө КЖМтин мүдүру, доц.м.а. доктор Махмут Вурал агайыбыз атайын грамота тапшырды жана студенттерибиз өз колдору менен жасаган гүлдөрдү белекке беришти.