2021-12-17

Тармактар менен кызматташуу


21 декабрда "Маткасымов" ишканасынын өкүлдөрү университетибизге зыяратка келишти. Келген конокторго КЖМ мүдүрү Махмут Вурал окуу жайыбыз жана КЖМ тууралуу маалымат берип, кыскача тааныштырды. Андан соң коноктор менен биргеликте проректорубуз Анвар Мокеев менен жолугушуу болуп өттү. Мокеев мырза бардык секторлор менен кызматташууга даяр экендигин маалымдады. Аталган ишкананын өкүлдөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин  инфраструктурасынын ийгиликтүү, билим алган студенттер бардык тармактарда талап кылынган кадрлар экендигин белгилешти жана университетибиз менен түзүлгөн кызматташуу келишимине кубанычта болгондугун билдиришти. .Жолугушуунун соңунда кызматташуу келишимине кол коюлду жана делегация узатылды.