2021-12-22

Билим жана маданият таймашы


2021-жылдын 22-декабрында Экономикалык жана административдик программалар бөлүмүнүн Маркетинг программасынын координатору Убейдуллах Шенер тарабынан Билим жана маданият таймашы уюштурулган. Айыгышкан күрөштүн жыйынтыгында Автоунааларды тейлөө жана оңдоо программасынын студенттери 1-орунду, Туризм жана мейманкана иштетүү программасынын студенттери 2-орунду, Менеджмент программасынын студенттери 3-орунду ээлешти.
Кесиптик жогорку мектептин мүдүрү Махмут Вурал студенттерибизге дипломдорун тапшырды.