2021-11-18

OSTİM университетинин кеситик жогорку мектеби менен кызматташуу


2021-жылдын 18-ноябрында студенттердин Туркияда практика өтүүсү, которулуусу жана алмашуусу сыяктуу багыттарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында OSTIM университетинин проректору  Үнсал Сыгыр менен университетибиздин атынан Серхат Бурмаоглунун онлайн жолугушуусу өткөрүлдү.

Аталган жолугушууда OSTIM университетинин кесиптик жогорку мектебинин мүдүрү Туран Шишман жана биздин кесиптик жогорку мектептин мүдүрү Махмут Вурал бөлүмдөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча биргелешкен тилектештик чечими кабыл алынды. Алгач башталгыч катары күн тартибине бир семестрге же конок лекторлорду жана академиктерди дайындоо маселеси коюлду.