2021-11-12

TР Бишкектеги билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Харун Каржы мырза менен иш жеринде жолугушуу


Окуу жайыбыздын мүдүрү э.и.к. доц.  Махмут Вурал жана мүдурдүн орун басары э.и.к.Серхат Атмажа Түркия Республикасынын Бишкектеги билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Харун Каржы мырзанын иш жеринде болушту.

2021-жылдын 12-ноябрында болгон бул иш сапарынын жүрүшүндө мүдүрүбүз биздин окуу жайыбыз жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү кеңешмелигине караштуу билим берүү мекемелери менен биздин кесиптик жогорку мектептин ортосунда боло турган кызматташуулар да талкууланды.

«Манас» университетинин өнүгүүсүнө жана ийгиликтерине ыраазы экендиктерин билдирген урматтуу кеңешчибиз  университеттибиз менен ар кандай кызматташууга даяр жана ачык экендиктерин жана ар дайым колдорунан келген колдоону көрсөтө тургандыктарын билдирип өттү.