2021-12-30

Курулуш программасынын студенттери курулуш объекттери менен таанышууда


2021 – 2022-окуу жылында Кесиптик жогорку мектептин окуу планына ылайык «Имараттарды, курулмаларды куруу жана пайдалануу» адистигинин 2-курсунун студенттери «Өндүрүштүк – I” практикасын өтүү алкагында курулуш объекттерин куруу жана аларды пайдалануу боюнча курулуш уюмдарынын иштери менен таанышууда. Бул практиканы өтүү үчүн Кесиптик жогорку мектеби тарабынан курулуштун ар кандай түрлөрүн ишке ашырып, долбоорлоо, изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан ЖЧК “Темир-Бетон” (жетекчиси Тулемышев Д.М.), ЖЧК “Югстрой” (жетекчиси Турдукожоев Н.А.), “Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо” мамлекеттик институту (жетекчиси Сыдыков А.Ж.), ЖЧК “ЭМАРК Строй” (жетекчиси Оторбаев К.Т.)  менен келишим түзүлүп, иш алынып барылууда (практиканын жетекчиси К.Бактыгулов).

Практиканын алгачкы күндөрү студенттер Кесиптик жогорку мектебинин аймагында иш алып барышып, бак-дарактарды кышкы мезгилге даярдоо, имараттын ичинде, чарбактагы элементтерди сырдоо-актоо иштерин жүргүзүштү. Биз өзүбүздүн окуу жайыбыздын көрктүү, жашыл, жагымдуу болушуна дайыма салым кошуп, өз жардамыбызды берип турмакчыбыз.

Студенттер “Темир-Бетон” курулуш уюму иш алып барып жаткан эки кабаттуу турак үйдүн курулушу менен таанышуу болуп өттү. Ошону менен бирге ошол эле уюм курган, мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органы тарабынан шаардагы эң сапаттуу курулуштардан деп таанылган төрт кабаттуу көп батирлүү үйдүн курулуш менен таанышуу ишке ашырылды. Студенттер бул курулуштун аймагын абаттоо иштерине катышып, практикалык иштерге кол кабыш кылышты.

Мындан сырткары биздин студенттер Маариф Түрк фонду курдуруп жаткан Асанбай кичирайонундагы 4 кабаттуу мектеп окуучулары үчүн жатакананын, Жал кичи районунда курулушу жүрүп жаткан 2 кабаттуу спорттук комплекстин, Күрөңкеев көчөсүндөгү ЖЧК “ЮгСтрой” куруп жаткан 4 кабаттуу тигүү фабрикасынын куулуштары менен да таанышышты. Ар бир курулуштун конструктивдик, архитектуралык-көлөмдүк чечилиштери, алардын долбоорлору, куруу технологиялары тууралуу маалымат алышты. Курулушту жүргүзүп жаткан адистер менен баарлашып, маанилүү кеп-кеңештерин дагы угушту, колу бош убактыларында курулуш иштерине аралашуу сунуштарын кабылдашты.

Мамлекеттик “Жер титирөөгө туруктуу курулушг жана инженердик долбоорлоо” институтунда студенттер имараттардын абалын изилдөө, аларды бекемдөө жумуштары, жер титирөөгө туруктуу курулуш объекттерин долбоорлоо жана курууга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер, аларда колдонулуучу жабдуулар менен дагы таанышышты. Студенттерде имараттарды титиретүүчү жабдуунун жардамы менен жер титирөө таасирине сыноо орнотмосу чоң кызыгуу туудурду. Орнотмо сыналуучу имараттардын үстүнө орнотулуп, ага 9 баллга чейинки термелүү кыймылын берүүгө жөндөмдүү экен.