2021-12-24

24-ноябрда мугалимдер күнү чоң салтанат менен белгиленди


24-ноябрь күнү “Мугалимдер күнүнө” карата колледжибиздин бардык окуутуучу жана административдик жамаатынын катышуусунда салтанаттуу кече уюштурулду.

Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүрүнүн кыскача сөзүндө, биз келечегибизди ишенип тапшыра турган балдарыбыздын социалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүндөгү мугалимдик кесиптин маанилүүлүгүнө көңүл буруп,  ошондой эле «мугалимдик» кесип  дүйнөдөгү курмандыкты талап кылган сүйүү  жана чыдамкайлык менен аткарыла турган эң ыйык кесип экендигине токтолду.