2022-02-14

Орто мектептердин жана колледждердин мүдүрлөрү менен жолугушуу


Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдурү э.и.к., доц. м.а. Махмут Вурал жана анын орун басарлары т.и.к., доц. Гулмира Аджыгулова жана э.и.к., Серхат Атмажа 8-14-февраль күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан 20 га жакын лицей-мектеп жана колледждердин жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө бардык жетекчилерге биздин кесиптик жогорку мектеп тууралуу кеңири маалымат берилди. Кызматташуу боюнча сунуштар менен катар бүтүрүүчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкууланды.

 Орто мектептердин жана колледждердин жетекчилери биздин окуу жайыбыз тууралуу биринчи жолу таанышып, суктангандыгын жана кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.