2022-03-17

Блокчейн технологиялары жана кесиптик өнүгүү семинары өттү


2022 жылдын 17-мартында Кесиптик жогорку мектебибиздин экономика жана башкаруу программалар бөлүүнүн Маркетинг программасынын координатору  Убейдуллах Шенердин уюштуруусу менен Эл аралык Швейцария илим университетинин ректору Проф.Др. Тунжай Севиндик мырза семинар өткөрдү.


Блокчейн технологияларынын жана билим берүү технологияларынын бүгүнкү күндө каржы жана маркетинг тармагындагы орду жана өнүгүүсү түшүндүрүлгөн семинарга проректорубуз проф. доктор Мустафа Орчан, Кесиптик жогорку мектебибиздин директору э.и.к., доц.м.а. Махмут Вурал, Финанс бөлүмүнүн окутуучуларынан Проф. доктор Өндер Мет жана көптөгөн академиктер, ошондой эле окуу жайыбыздын студенттери менен башка факультеттин студенттери абдан көп санда катышышты.

Семинардын соңунда директорубуз Махмут ВУРАЛ тарабынан урматтуу проф. доктор Тунжай Севиндик агайыбызга ыраазычылык баракчасы эстелик катары тапшырылды.