2022-03-31

Коногубуздан сабак


2022-жылдын 14-март күнү “Экономика жана бухгалтердик эсеп” программасынын студенттерине бүтүрүүчүбүз Орозбекова Нурайым конок катары келип, кеп-кеңеши менен бөлүштү. Бул семинардын алкагында коногубуз студенттик кездеги эскерүүлөрү менен катар иш жашоосу жана акырында “Салык түшүнүгү” тууралуу маалымат берип кетти.

Бул маалыматтарды талкуулоонун соңунда, студенттер кесип тандоодо жаңылышпагандыктарын, иш чөйрөсүндө бардык мүмкүнчулүктөргө жолдору ачык экендигигин түшүнүштү. Мындан сырткары бардык нерсе өздөрүнүн колунда, өздөрүнүн максатка жетүүдөгү тырышчактыгы жана чечкиндүүлүгүнө байланыштуу экендигин түшүнүштү.