2022-04-04

КЖМ 2022 жазгы футбол турнири


Ишемби күнү, 2022-жылдын 26-мартында Автомобиль транспортун техникалык оңдоо жана тейлөө программасынын студенти Милан Төрөморзуев тарабынан уюштурулган MYO 2022 жазгы футбол турнири университетибиздин футбол талаасында болуп өттү. Турнирге 6 команда катышып, 2 тайпа болуп ойнолгон турнирде 1-орунду Офис менеджменти жана жетекчинин жардамчысы, 2-орунду Жыгач иштетүүнун технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо командасы, 3-оурнду Автомобиль транспортун техникалык оңдоо жана тейлөө  менен Бухгалтердик эсеп командалары ээлешти.