2022-04-05

"Салкын" фирмасына сапар


Кесиптик-техникалык окуу жайыбыздын директору э.и.к., доц.м.а.Махмут Вурал жана директордун орун басарларыы т.и.к., доц. Гүлмира Аджигулова, э.и.к. Серхат Aтмажа жана доц.м.а.. Явуз Эржан Гүл мырза 2022-жылдын 5-апрелинде эң чоң текстиль фирмасы "Салкынга" барып келишти.
Бул сапарда "Салкын" компаниясынын башкы катчысынын орун басары Елена айым менен текстиль өнөр жайынын Кыргызстан үчүн мааниси, жумуш орундары боюнча бош орундар, стажировка мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташтык сыяктуу көптөгөн маселелер боюнча кеңешилди.