2022-04-23

Чүй балдар жатак мектебинин тарбиялануучулары үчүн театр оюну


2022- жылдын 23 - апрелинде Кесиптик жогорку мектебибиздин "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын студенттери университет тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында Чүй балдар жатак мектебинин тарбиялануучуларына театр оюнун коюшту. Ошондой эле, программа координатору ага окутуучу Гулзаада Абдралиеванын демилгеси менен даярдалган жумшак оюнчуктарды балдарга белек катары таратып, кубаныч тартуулашты.