2022-04-22

“Career in Java Technologies” деген темада семинар болуп өттү


22.04.2022-жылы Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Инженердик факультетинин Компьютердик инженерия 2002-жылкы бүтүрүүчүсү Мимар Аслан мырза "Java технологияларындагы карьера" темасында семинар өткөрдү.

Биздин мектептин директору Махмут ВУРАЛ тарабынан уюштурулган семинардын модератору, Техникалык программалар бөлүмүнүн башчысы доц. др. Абдуллах Эрдал Түмер ишке ашырган.

Аталган семинарда Java платформасынын өз алдынча иштей турганы жана көптөгөн тиркемелерди оңой иштеп чыгууга боло тургандыгы баса белгиленди. Java тилин үйрөнүү оңой, Javaнын компьютер тармагындагы орду, Java билими менен жумуш табуу ж.б. маалымат берилди. Семинар өз ара суроо-жооптордон кийин аяктады.