2022-06-15

"Клавиатурада он манжа менен тез жазуу" сынагы болуп өттү


2022-жылдын 15-июнунда Кесиптик колледжибиздин Офис менеджмент программасынын 1-курсунун студенттеринин арасында "Клавиатурада он манжа менен тез жазуу" сынагы болуп өттү. Колледжибиздин мүдүрү Махмут Вурал агайдын уюштуруусунда өткөн сынакта Гүлназ Бараталиева биринчи, Актилек Осекова экинчи, Сезим Турдубек кызы үчүнчү орунга ээ болушту. Ийгиликке жеткен студенттерибиздин сыйлыктарын мүдүрүбүз Махмут Вурал, мүдүрдүн орун басары Гүлмира Ажыгулова жана Автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо программасынын координатору Мехмет Рүштү Чифтчи тапшырышты.