2022-09-16

Кесиптик-техникалык окуу жайыбызга элчибиздин сапары


2022-жылдын 25-майында Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган мырза иш сапары менен колледжибизде болду. Иш сапардын жүрүшүндө ректорубуздун орун басары Асылбек Кулмырзаев, ректордун жардамчысы Камалбек Карымшаков жана башкы катчыбыз Октай Өзгүл мырзалар элчи мырзаны коштоп жүрдү. Мүдүрүбүз Махмут Вурал мырза келген конокторубузду колледжибиздин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып, жүрүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.