2022-09-16

Студенттерибиздин зор ийгилиги


Университетибиздин Спорт илимдери факультети тарабынан факультеттер аралык студенттер арасында уюштурулган волейбол боюнча мелдеште Кесиптик колледждин волейбол командасы биринчи орунга ээ болду. Биринчи орунду ээлеген студенттерибиз; Алтынай Абдыкадырова, Айпери Кубанычбек кызы, Махабат Нурланбек кызы, Мунара Жамалдинова, Айназик Мурзабекова, Айдана Өскөналиева жана Нуриза Гапароваларды мүдүрүбүз Махмут Вурал жеке куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалады.