2022-10-17

Бүтүрүүчүбүз колледжибизде конокто


2017-жылы Мектепке чейинки билим берүү программасын бүтүрүп, университетибиздин Педагогика бөлүмүнө вертикалдуу түрдө өтүү менен бакалавриат билимин аяктаган, азыр да университетибизде ушул эле бөлүмдө магистратурада билим алып жаткан Аида Акматалиева, жеке ишкана катары 'Archimed Kids' бала бакчасын түзүү менен бизнес чөйрөсүндө эмгек жолун улантууда. Кесиптик колледжибиз менен Аида Акматалиеванын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери окууну аяктагандан кийин практикадан өтүп, иштей алышат. Бүтүрүүчүбүз Аида Акматалиевага кайрымдуу жүрүм-туруму үчүн ыраазычылык билдирип, бизнесте да, билим берүү тармагында да ийгиликтерди каалайбыз!