2022-10-11

«Пенсия жана социалдык сабаттуулук» семинары өттү


КРнын Социалдык камсыздоо мекемесинин Билим берүү борборунун директорунун орун басары Айнура Исабекова жана эксперт Атыр Чынтемирова 2022-жылдын 4-октябрында Кесиптик колледжибиздин А-118 залында студенттерибизге жана кызматкерлерге «Пенсия жана социалдык сабаттуулук» темасында семинар өткөрүштү. Семинарда пенсияга чыгуу шарттары, пенсионерлердин саны, эмгек акылары ж.б. темалар боюнча маалымат берилди.