2022-10-21

Студенттерибиз "Авангард Стиль" фирмасына экскурсияга барышты


Колледжибиздин техникалык программалар бөлүмүнүн Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасынын студенттери, мугалими Бактыгулов Каданбай агайы менен биргеликте «Авангард Стиль» курулуш компаниясына техникалык экскурсияга барышты. Кыргызстандагы эң ири курулуш компанияларынын бири болгон "Авангард Стиль" компаниясына болгон экскурсия учурунда студенттерибиз бүгүнкү күнгө чейин теория катары көргөн курстары менен практика жүзүндө таанышышты.