2022-10-21

Кыргыз-түрк Достук ооруканасына зыярат


Колледжибиздин мүдүрү Махмут Вурал жана анын орун басары Серхат Атмажа 14-октябрда ТИКА тарабынан курулган Кыргыз-түрк Достук ооруканасында болушту. Иш сапардын жүрүшүндө меймандарды башкы дарыгер профессор Мете Хидироглу тосуп алды. Ооруканада стажировкадан өтүп жаткан Кесиптик колледжибиздин Бухгалтердик эсеп программасынын студенттери менен жолугушуп, иштери тууралуу маалымат алышты.