2022-12-05

Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери кесиптик практикада


2022-2023 - окуу жылынын күзгү семестринде Кесиптик жогорку мектебибиздин "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын 2-курсунун студенттери педагогикалык практикаларын Бишкек шаардык №10 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде, "Шамбала", "Уникум+", "Архимед кидс" балдар бакчаларында өтүп жатышат. Ар аптанын жума күндөрү программанын координатору Гүлзаада Абдралиева студенттер практика өтүп жаткан мекемелерге барып, маалымат, кеп-кеңештерин берип, студенттерге ар тараптуу жардамын көрсөтүүдө.