2022-12-15

"Маркетингде актуалдуу маселелер" аттуу семинар уюштурулду


2022-жылдын 30-ноябрында 'Vibe_Production Social Media Agency' кызматкерлеринин бири Темирлан Садырбаев жана Роман Ким биздин Кесиптик колледждин лекция залында социалдык медианын учурдагы абалы жана бул тармактагы жумуш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен бөлүшүштү. Студенттерибизге практика өтүүсүнө да жардам бере тургандыктарын айтышты.