2022-12-15

Cтудентибиз "Кыргызстандын мыкты студенти" болуп тандалды


9 декабрда жаштар жумалыгынын алкагында “Кыргызстандын мыкты студенти” Республикалык сынагынын жеңүүчүсү болуп колледжибиздин Маркетинг программасынын 2-курсунун студентти Таалайбек Мамытбеков табылды. 
Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген эң активдүү жана окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттер катышкан. Сыйлыктарды коомдук ишмер, меценат, Салымбеков Университеттин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, “Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин” Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бердиев жана Салымбеков бизнес мектебинин жетекчиси  Жакшылык Бекназаров тапшырышты.

Мыкты студент деген наамга арзыган студентибизди сыйлыгы менен куттуктап, албан ийгиликтерди каалайбыз!