2023-01-09

Кеситик жогорку мектебибизде "Ала качууга жол жок!" аттуу семинар болуп өттү


2022-жылдын 22-декабрында ага окутуучу Гулзаада Абдралиева "Офис менеджмент" программасынын 1-курсунун студенттери менен биргеликте "Ала качууга жол жок!" аттуу семинар уюштуруп өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө,  ала качуунун салт эмес, оор кылмыш экендигин далилдеген видеороликтер көрсөтүлду.  Ала качуунун кесепеттери, жыйынтыгы талкууланып, ар бир инсан бактылуу болууга укуктуу экендиги айтылды. 

Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүрү, др.Махмут Вурал агайыбыз да студенттерге кеп-кеңештерин айтып, бардыгына ийгилик каалады.