Кесиптик жогорку мектебибиздин мугалимдери И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи менен кызматташуу жолугушуусун өткөрдү
2025-05-26 | Иш-чара
МИССИЯБЫЗ
Технологиянын тез өзгөрүшү жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бере ала турган квалификациялуу жаштарды даярдоо.
Бул миссиянын негизинде бөлүм төмөнкү максаттарды көздөйт:
• Кесиптик билим жана көндүмдөр менен жабдылган адистерди тарбиялоо;
Ишкерлик, инновациялык ой жүгүртүү, командалык иш жана лидерлик сыяктуу жеке жана кесиптик жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатуу;
•Өнөр жай жана иш чөйрөсү менен кызматташтыкты чыңдоо аркылуу студенттерди эмгек рыногуна даярдоо;
• Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү.
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Техникалык программалар бөлүмү ар түрдүү техникалык багыттагы адистерди даярдоону көздөгөн " Орто кесиптик билим" программасы болуп саналат. Окуу мөөнөтү 2 жылды түзөт. Теориялык сабактар лабораториялык иштер менен толукталат. Бүтүрүү үчүн студенттер кесиптик практика өтүүгө милдеттүү. Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттерге " Орто кесиптик билим" диплому жана "Техник" наамы ыйгарылат. Бул бөлүмдө төмөнкү адистиктер боюнча билим берилет:
•Компьютердик системаларда программалоо: Программалоо жана аппараттык камсыздоо тармактарындагы билимдерди берүү менен сектордо керектүү жаңы системаларды түшүнүү жана колдонуу көндүмдөрүн өстүрөт.
Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасы: Заманбап турмуштун талаптарына ылайык имараттарды долбоорлоо, куруу, техникалык тейлөө жана оңдоо тармактарында адистештирилген курулуш техниктерин даярдайт.
• Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо программасы: Автоунаа сектору үчүн орто билимдүү адистерди даярдоону көздөйт.
• Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасы: Мебель өнөр жайына керектүү квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.
Ага окутуучу док.
Гулмира Ажыгулова
Урматтуу студенттер!
Техникалык жана инновациялык адистиктердин суроо-талабы күндөн-күнгө өсүп жаткандыктан “Техникалык программалар” бөлүмүнүн максаты – заманбап технологияларды үйрөнүүгө, практикалык көндүмдөрдү ээ кылууга жана динамикалуу эмгек рыногуна адистери даярдоого багытталган .
Биздин бөлүмдүн адистиктери – " Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасы:", " Компьютердик системаларда программалоо" " Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо программасы", "Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасы
Биз сиздерге:
- Курулуш тармагында инженердик чечүүлөрдү иштеп чыгууну, заманбап материалдарды колдонууну;
- Автосервис жана автомобилдерди ремонттоо боюнча кесиптик билимди;
- Эмерек жана ички-тышкы дизайнды креативдүү долбоорлоо ыкмаларын;
- Программалоо жана IT-технологияларды терең үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз.
Окуу процесси теория менен практиканы айкалыштырат: лабораториялар, реалдуу долбоорлор жана өнөр жай ишканалары менен кызматташтык сиздерге тажрыйба топтоого жардам берет. Ийгиликтүү студенттер Кыргызстандын жана эл аралык компанияларда стажировкадан өтүп, окуудан кийин ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.
Техникалык билим – бүгүнкү күндүн жана келечектин негизи!
Кесибиңизди биз менен тандаңыз – коомго пайдалуу инновацияларды жаратууга биргелешип аракет кылалы!
Нурзада Абышева
Телефону: +996 (312) 49 12 39/43/58/65
Кошумча: 116
Кабинет: MYOB-110