Максаты:

Биздин максат эки жылдык жогорку билим берүү програмасынын алкагында авто унааларды тейлөө жана оңдоо тармагында өнүккөн технологиянын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн сапаттуу техникалык билими бар кадрларды даярдап чыгаруу болуп саналат. Ателье жана лабороторияларыбызда теориялык жана практикалык билим берилүүдө.

Авто унаа секторунун өндүрүү жана сатуудан кийинки кызмат көрсөтүү баскычтарында технологиянын жаңылыктарын жакшы билген жогорку деңгээлдеги сапаттуу жумушчу күчүн даярдап чыгаруу.

Бүтүрүүчүлөрдүн карьералык мүмкүнчүлүктөрү:

Программанын бүтүрүүчүлөрү автоо унаалар тармагында сервистик башкаруу, сервис ательесин башкаруу жана персоналдарга билим берүү, үйрөтүү иштерине чейинки тармакта өтө көп жерде иштей алышат же болбосо жеке иштерин ачып иштете алышат

Бөлүмдөн бөлүмгө которулуу:

Авто унааларды тейлөө жана оңдоо программасын ийгиликтүү аяктаган студенттерибиз “Бөлүмдөн бөлүмгө которулуу” жоболоруна ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө өтүү укугуна ээ боло алышат.

  • “Автоо унааларды тейлөө жана оңдоо инженерлиги”
  • “Машина инженерлиги”
  • “Кеме машиналарын башкаруу инженерлиги”
  • “Учак корпусун жана моторлорун оңдоо”