Максаты:

Эмерек дизайны жана конструкциялоо багытында  талап кылынган жаңы технологияларды өздөштүрүү жана аларды колдонуп эмеректерди даярдоо  жөндөмдүүлүгүнө ээ, жыгач материалдарынын касиеттерин үйрөнүп, аларга жараша иштетүү ыкмаларына ээ болуп, функционалдык, экономикалык жана эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша эмерек дизайны, өндүрүлүшү, сатылышы жана эргономикалык колдонуу менен алектенген ишканаларга, зарыл болгон техникалык кадрларды даярдоо.

Милдеттерибиз:

  • Эмерек  дизайны жана конструкциялоо тармагындагы долбоорлорду түзө  жана окуй алган;
  • Компьютер дизайны боюнча программаларды колдоно алган,  компьютердин жардамы аркылуу өндүрүү ыкмаларын билген;
  • Даярдалган  долбоорлорго ылайык өндүрүш жана монтаждоо боюнча адистиги бар;
  • Эмерек өнөр жайы үчүн пайдаланылган чийки затты, жарым-жартылай даяр материалдарды, техникалык каражаттарды жана аксессуарды жакшы билген;
  • Эмерек даярдоодо пайдаланылган негизги жана технологиялык машиналарды таанып билген;
  • Эн негизги машиналарды ондоп-тейлей алган  таарып, тиле турган буюмдарды иштете ала турган жана бул жумуштардан келип чыга турган ар кандай көйгөйлордү өз алдынча чече ала турган;
  • Эмерек даярдоодо  колдонулуучу  сыр, лак сыяктуу каражаттарды таанып билген;
  • Кесибине тиешелүү саламаттыкты сактоо жана коопсуздук чараларын сактай, көзөмөлдөй билген
  • Эмерек жана аны конструкциялоо тармагындагы өнүгүүлөрдү жана жаңылыктарды байкап, биле турган билим жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон техникалык адис катары даярдоо/үйрөтүп чыгаруу милдеттери каралган

Өнүгүү процесси:

Эмерек даярдоо тармагы, дүйнө жүзүндө белгилүү экономикалык секторлордун бири болуп саналат. Дүйнөдө мурунку мезгилдерде эмерек өндүрүүдө Евроапа өндүрүштүн борбору саналчу, ал эми акыркы мезгилде мебель өндүрүү чыгышты көздөй орун которгондугу байкалууда.

Адистик багыттары:

Бул программаны ийгиликтүү аяктаган студенттер “Эмерек дизайны жана конструкциялоо техниги” адистигине ээ болушат.

“Эмерек дизайны жана конструкциялоо техниги” программасынын бүтүрүүчүлөрү жеке секторго таандык жыгач материалдарын иштетүү өнөр жайынын жыгач, паркет, таңгактоо, фанера, жыгач булалуу такта, ЖСТ (жыгач сүрүндү такта), эмерек, каптоочу, сиңирүү сыяктуу багыттардагы өндүруштө, сатуу жана маркетинг жумуштарында эмгектене  тургандар же болбосо ошол эле индустрия тармагында өзүнүн жеке ишканасыны ачып иштетишсе болот.

Түздөн-түз бөлүмдөн-бөлүмгө которулуу:

 Бул программаны ийгиликтүү бүтүргөндөр керектүү шарттарга туура келсе өнөр жай дизайны, өнөр жай өндүрүш дизайны, индустриялык конструкция, кичи архитектура, кичи архитектура жана экологиялык дизайн, өндүрүштүк инженерия, өндүрүштүк инженерия, жыгач устачылык өнөр жай инженерлиги, токой инженерлиги жана токой өнөр жай  инженерлиги бөлүмдөрүнө түздөн-түз бөлүмдөн-бөлүмгө которула