Адистик багыттары:

Ширетүү өндүрүшү программасын бүтүргөн студенттерибиз техник-ширетүүчү адистигине ээ болушат.

Ширетүү өндүрүшү программасын бүтүргөн студенттерибиз алган билимдерине жараша ширетүү өндүрүшү тармагында иш менен камсыз боло алышат деген ишенимдебиз. Айрыкча курулуш, автоунаа, айыл чарба машиналары сыяктуу тармактарындагы ширетүүгө байланыштуу иш орундарында жумуш табуу мүмкүнчүлүгү чоң.  Булардан тышкары да материалдар боюнча лабораториялык экспертиза жүргүзүү боюнча ишке орношсо болот. Ошондой эле, уюштуруучулук жөндөмү бар адистер өздөрү ишкана ачып иштетсе да болот.