2025-05-26
2025-жылдын 22-майында Кесиптик колледжибиздин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев жана мүдүр жардамчы PhD Серхат Атмажа Чет тилдер жогорку мектебинин түрк тили даярдоо классында билим алып жаткан студенттер менен таанышуу жана баарлашуу максатында жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда студенттерге колледжибиздин академиялык календары, курстардын планы, практика жана түзмө-түз факультетке өтүү жолдору боюнча маалымат берилди.