2023-06-19

Самбо чемпионаты


                2023-жылдын 7-июнунан 11-июнуна чейин Казакстандын борбору Астана шаарында самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү. Бул мелдештерде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин студенти Аида Асанбекова үчүнчү орунду багындырып коло медалга ээ болду.

                Ал эми туризм факультетинин студенти Мираида Медетбек кызы 65 кг салмакта чемпиондук наамга жетишип алтын медалдын ээси болду. Университеттин жалпы жамааты Аида Асанбекованы жана  Мираида Медетбек кызын чын жүрөктөн куттуктап, келечекте спорттук жогорку ийгиликтерди каалайт