2024-01-30

дзюдо боюнча Чемпионат


2024-жылдын 27-28-январында Бишкек шаарында эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча Чемпионаты болуп өттү. Бул мелдешке Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери катышып  жогорку ийгиликтерге жетишишти. Спорт илимдери факультетинин 1-курстун студенти Асанбекова Аида, 3-курстун студенттери Рыскулбекова Аяна, Алмазбекова Адинай жана Камчыбекова Аземи 3-орунга ээ болушса, 2-орунду магистрант Анарбекова Айжан багындырып Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча спорт чебери наамына ээ болду.