2024-03-29

Универсиад 2024


2024-жылдын 24-28-март күндөрү Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Чемпионатына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин курама командалары катышып жогорку ийгиликтерге жетишишти.

Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында мелдеште, «Манас» университетинин командасы биринчи орунду багындырды,  бул спорт илимдери факультетинин студенттери Муса Качкынов менен Миран Сманов жана инженердик факультетинин студенттери Арсен Кенжегулов менен Бактияр Жакшылыков. Ушундай эле кыз-келиндер арасында шахмат боюнча мелдеште университетибиздин командасы алтын байгенин ээси болду, бул табыгий илимдер факультетинин студенти Азалия Мирлан кызы, экономика жана башкаруу факультетинин студенти Нурай Советбекова   жана порт илимдери факультетинин студенти Латипа Болотбекова.

Ал эми үстөл тенниси боюнча мелдештерде, университеттин  эркектер жана кыз-келиндер командалары 2-орунга  татыды, бул  спорт илимдери факультетинин студенттери Жанболот Тилемиш уулу менен Айназик Бекбосунова, табыгий илимдер факультетинин студенттери  Адилет Насиридинов менен Ванесса Табылдиева жана теология факультетинин студенти Асель Кудайбергенова.

Белгилей кетсек, мелдештерге катышкан университеттин төрт командасы тең баш байгеге ээ болушту.

“Манас” университети байгелүү орундарга ээ болгон студенттерди куттуктайт жана аларга мындан ары да албан-албан спорттук ийгиликтерди каалайт.