2024-жылдын 11-13-октябрында Кипр Республикасынын Ларнака шаарында жаштар арасында самбо боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү.
Бул мелдешке Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Спорт илимдери факультетинин машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Асанбекова Аида катышып байгелүү 3-орунга татыктуу болду. Жана Кыргыз Республикасынын самбо боюнча спорт чебери наамына ээ болду.
“Манас” университети Аиданы куттуктайт жана мындан ары да дүйнөлүк спорттук жетишкендиктерди каалайт.