2024-11-29

“Кош келиңиз, биринчи курс жана ант берүү”


2023-жылдын 27-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Спорт илимдери факультетинин студенттери үчүн “Кош келиңиз, биринчи курс жана ант берүү” аземи болуп өттү.

Салтанаттуу аземге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректор, саясий илим.канд. Алмаз Ибраев, Туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, Айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн жана Спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Джанузаков жана окутуучулар, студенттер катышты.

Иш-чарага КР греко-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Уран Калилов катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн университетибиздин биринчи проректору, саясий илим.канд. Алмаз Ибраев спорт факультети бир жыл ичинде 70ке жакын иш-чара өткөргөнүн, студенттердин эл аралык деңгээлде уюштурулган 50дөн ашуун мелдештерге катышканын айтып, муну менен университеттин сыймыктанарын белгиледи. “Бул, албетте, чоң сыймык, бирок экинчи жагынан алып караганда турган иш. Себеби спорттук чеберчиликти арттыруу күнүгө сыноо, жарыш менен болушу керек, мизин курчутуп туруу керек,”-деди.

Салтанаттуу аземде биринчи курстун студенттерине символикалык “Билим ачкычы” тапшырылып, 2023-2024- окуу жылында спорт илимдери факультетинин дене тарбия жана спорт мугалими, машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн эң мыкты окуган студенттерине жана университеттин эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен студенттерине ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Сыйлоо аземинен соң “Манас” университетинин патриот студенти болобуз,” - деген спорт илимдери факультетинин 1-курсунун студенттеринин “Студенттик ант”  берүүсү болуп өттү.