2025-жылдын 22-26-май күндөрү Ныо-Дели шаарында (Индия) “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өттү. Бул эл аралык мелдешке Кыргызстандын курама командасына “Манас” университетинин үч студенти ийгиликтүү катышып, жогорку сыйлыктарга ээ болушу менен куттуктайбыз.
Спорт илимдери факультетинин магистранты Айжан Анарбекова менен машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн 4 курстун студенти Аяна Рыскулбекова 1 орунду багындырышса, дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнүн 4 курстун студенти Адинай Алмазбекова 2 орунга ээ болду.
“Алыш” бел боо күрөшү боюнча таймашта жеңүүчү болгон спортчуларыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыңарда ар дайым жолуңар ачылып, спорттун бул түрүн дүйнөгө тааныта бергиле! Ден-соолук, бекем эрк жана дагы көптөгөн жеңиштерди каалайбыз!
Манас университетинин ректораты жана жалпы жамааты.