КТМУ Спорт илимдери факультетинин "Дене тарбия жана спорт мугалими" бөлүмүнүн башчысы, профессор Абдырахманова Джипаркүл Омушевна 2024-жылдын 28-мартында “Кыргыз улуттук оюндарын колдонуу аркылуу ден соолукту калыптандыруунун физиологиялык негиздери” темасында диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 03.03.01 – физиология адистиги боюнча биология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алды.
Бул жетишкендик – көп жылдык үзүрлүү эмгектин, илим-билимге болгон берилгендиктин жана өз кесибине болгон сүйүүнүн ачык далили.
Факультетибиздин жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз жана жаңы ийгиликтерди, чыгармачылык жетишкендиктерди каалайбыз!